Кабыл алуу жана диплом талаптары
.jpg)
Окууга кабыл алуу талаптары
- Экономика же башка тиешелүү багыттар боюнча бакалавр даражасы жөнүндө диплом.
- БААУнун англис тилин билүү деңгээлин аныктоочу тести (English Language Proficiency Test, ELPT).

- БААУнун математика боюнча кирүү экзамени (55 балл).
- Мотивациялык кат (Statement of Purpose).
GRE / GMAT экзамендеринин жыйынтыктары бар, буга чейин англис тилинде билим алган же сандык ыкмалар боюнча тиешелүү курстарды ийгиликтүү аяктаган талапкерлер БААУнын кирүү экзамендерин тапшыруудан бошотулушу мүмкүн.
Кирүү экзамендеринен төмөнүрөөк балл алган талапкерлер кафедранын өкүлдөрү менен маектешүүдөн өтүшөт.
Окууга тапшыруу үчүн шилтемелер:
- Кирүү экзамендерине катталуу: https://applyonline.auca.kg/
- Магистратура программаларына тапшыруу: https://apply.auca.kg/apply
- Арыз формасы: https://auca.kg/en/dap/
Окуу акысы жана каржылык колдоо
- Окуу акысы: жылына 7 700 АКШ доллары.
- Каржылык колдоо: кирүү экзамендеринин жыйынтыктарынын негизинде чектелген сандагы окуу акысына жеңилдиктер берилет.
- Окутуучунун ассистенти (Teaching Assistant) же илимий ассистент (Research Assistant) катары иштөө мүмкүнчүлүктөрү.
- Документтерин белгиленген мөөнөттөн эрте тапшырган талапкерлерге (Early-Bird) окуу акысына жеңилдиктер каралган.