БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

AUCA HIGHLIGHTS

БААУда Эл аралык конференция өткөрүлдү

12-13-июнда БААУда “Академиялык китепканалар: тренддер жана инновациялар” алгачкы Эл аралык конференциясы өткөрүлдү.... Read More

БААУ – Кыргызстандын мыкты университети

 Британиялык Quacquarelli Simmons (QS) агентствосу 2026-жылга карата университеттердин глобалдык рейтингин жарыялады жана ага дүйнөнүн 1500 мыкты ЖОЖдору кирди.... Read More

Илим тилибиз кыска-нуска болсо

"Кыргыз Туусу" гезитинде экономика илимдеринин доктору, профессор, «Колдонмо математика жана информатика» факультетинин окутуучусу Сыргак Кыдыралиевдин «Илим тилибиз кыска-нуска болсо» макаласы жарыкка чыкты. Эмгек эне тилибизге кайдигер карабаган замандаштарга сунушталат.... Read More

БААУга окууга тапшыруу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк!

БААУнун кезектеги кабыл алуу сынактарына каттоо ачык жана ал 2025-жылдын 1-июлу саат 17:00гө чейин уланат.... Read More

“Академиялык китепканалар: Тренддер жана инновациялар” Эл аралык конференциясы Бишкекте өтөт

2025-жылдын 12-13-июнь күндөрү Борбордук Азиядагы Америка университетинде “Академиялык китепканалар: Тренддер жана инновациялар” Эл аралык конференциясы өткөрүлөт.... Read More

“Журналистика жана массалык байланыштар” факультети

Факультет массалык маалымат жана байланыштар тармагында адистерди даярдайт. Ал журналистика, массалык маалымат каражаттарын изилдөө, коомчулук менен байланыштар (PR), Эл аралык жана саясий байланыштар сыяктуу адистештирилген курстары боюнча жалпы билим берүү курстарын бириктирет.... Read More